Кыргызстандык модель Египетте өтүп жаткан сулуулар сынагына катышууда. Сүрөттөр

Конкурс 14-октябрда Шарм-эль-Шейхте (Египет) башталган. Финалы 29-октябрга белгиленди. 24 жаштагы модель эл аралык сынакка алгачкы ирет катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Разия Мансурова дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу беш сынактын бири болуп саналган Miss Interсontinental 2021 кароосуна катышат. Бул тууралуу сынактын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Кыргызстандык Разия Мансурова дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу беш сынактын бири болуп саналган Miss Interсontinental 2021 кароосуна катышат
Конкурс 14-октябрда Шарм-эль-Шейхте (Египет) башталган. Финалы 29-октябрга белгиленди.
24 жаштагы модель мындай эл аралык сынакка алгачкы ирет катышууда. Аны жай айларында “Кыргызстан сулуусу” улуттук сынагынын расмий сайтына жарыяланган кастинг аркылуу тандап алышкан.
24 жаштагы модель бул сыяктуу эл аралык сынакка алгачкы ирет катышууда
“Учурда сулуу кыздар фотосессияларга катышууда. Эмки жумада подиумга чыгып маек беришет”, — деп айтылат билдирүүдө.
Miss Interсontinental 2021 сынагынын жеңүүчүсү бриллиант таштуу таажы жана 50 миң долларга ээ болот.
Miss Interсontinental 2021 сынагынын жеңүүчүсү бриллиант таштуу таажы жана 50 миң долларга ээ болот.
Сынакты 1971-жылдан бери Дүйнөлүк сулуулук агенттиги өткөрүп келет. 2016-жылы Кыргызстандын атынан Бегимай Карыбекова катышкан.