"Кызыл зонада" иштеген медиктерге эки ай үчүн компенсация төлөнө баштады

Август айы үчүн жалпы жонунан 186 миллион 314 миң 965 сом бөлүнсө, сентябрда иштегендерге 71 миллион 844 миң 401 сом төлөндү.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. – Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) 20-октябрдан тарта "кызыл зонада" иштеген дарыгерлердин август жана сентябрь айы үчүн компенсациясын төлөп бере баштады. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.
Маалыматка караганда, ММКФ жалпы жонунан август үчүн 186 миллион 314 миң 965 сом бөлгөн.
"Саламаттык сактоо уюмунун 14 773 кызматкерине компенсация төлөндү. Алардын 6 246сы дарыгер, 4 491сы орто жана 1884и кенже медкызматкерлер. Дагы 2 152си түрдүү багыттагы адистер", — деп айтылат маалыматта.
Ай сайын төлөнчү компенсациянын республика боюнча бөлүштүрүлүшү:
ММКФ сентябрь айы үчүн дагы медицина кызматкерлерине компенсация төлөө үчүн 71 миллион 844 миң 401 сом бөлдү.
"Саламаттык сактоо уюмунун 4 631 кызматкерине компенсация төлөндү. Алардын 1 012си дарыгер, 1 896сы орто жана 853ү кенже медкызматкерлер. Дагы 870и түрдүү багыттагы адистер", — дешти фонддон.
Республика боюнча бөлүштүрүлүшү:
Белгилей кетсек, бүгүн, 20-октябрда, "кызыл зонада" иштеген дарыгерлер августтан бери компенсациясын ала албай жатканы боюнча маселе парламентте көтөрүлгөн. Буга министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов жооп берип, жакында баарына төлөнүп берилерин айткан. Бул үчүн 580 миллион сом каралганын белгилеп, депутаттарды жана медиктерди сарсанаа болбоого чакырган.