БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн "кызыл зонада" иштеген дарыгерлер августтан бери маянасын ала албай жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко билдирди.
Ал жакында эле коронавирус менен күрөшүп жатып каза болгон медиктерге арналып мемориал тургузулганын белгилеп, ошол эле маалда учурда иштеп жаткан дарыгерлерге көңүл бурулбаганына нааразы болду.
"Мага бир нече медик кайрылып жатат. Аларга компенсация бул жакта турсун, негизги маянасын дагы бере элек экен. Мына, августтан бери эки жарым ай өттү", — деди Никитенко.
Буга министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов жооп берип, жакында баарына төлөнүп берилерин айтты. Бул үчүн 580 миллион сом каралып, ЖКнын бюджет жана финансы комитетинен өткөнүн белгилеп, депутаттарды жана медиктерди да сарсанаа болбоого чакырды.