Чынарбек Изабеков ардагерлер арасында үчүнчү жолу дүйнө чемпиону болду

Ал польшалык атаандашка туш келип, 5:0 эсебинде утуп алды. Ага чейин ал ирандык жана АКШлык спортчуларды жеңген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Грек-рим жана эркин күрөш боюнча ардагер балбандардын дүйнө чемпионатында Чынарбек Изабеков биринчи орунду алды. Бул тууралуу КР Күрөш федерациясы Instagram баракчасында кабарлады. 
Спортчу 100 килограммга (D дивизиону) чейинки салмакта үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду.
Ал польшалык атаандашка туш келип, 5:0 эсебинде утуп алды. Ага чейин ирандык жана АКШлык спортчуларды жеңген.
Мелдеш Грециянын Лутраки шаарында өтүп жатат.
Чынарбек Изабеков ардагерлер арасында эки жолку дүйнө чемпиону. Ал Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси, 2021-жылдагы дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу болуп саналат.