Базарга кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан кишинин сөөгү Чоң-Алай суусунан табылды

Кылмышка шектелип 50 жана 61 жаштагы эки киши кармалган. Алар таанышы менен уруша кетип, сабап салганын айтышкан.
Sputnik
ОШ, 20-окт. – Sputnik. Чоң-Алайдын Жекенди айыл аймагындагы Кызыл-Дарыя суусунан 54 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Анын айтымында, 15-октябрда Чоң-Алай РИИБине Жар-Башы айылынын тургуну кайрылып, 54 жаштагы атасы базарга чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Жоголгон адамды издөө иштери башталып, анын сөөгү 16-октябрь күнү болжол менен саат 17:10дор чамасында Кызыл-Дарыя суусунан табылган. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун киши колдуу болгону аныкталды", — деди Ашырбаев.
Ошто 37 жаштагы кишини өлтүрүүгө шектелген кыз бир айга камакка алынды
Кылмышка шектелип Жекенди айыл аймагына караштуу Кулчу айылынын 50 жаштагы Э.Ч. аттуу жашоочусу менен Жекенди айылынын 61 жаштагы А.Р. аттуу тургуну кармалып, Чоң-Алай РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кошумчаланды.
Шектүүлөр таанышы менен сөз талашып уруша кетишкенин айтып, акыры аны экөөлөп сабап, окуя болгон жерден кетип калганын билдиришкен. Маркумдун сууга кандай жол менен түшүп кеткендиги такталып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.