Бензин кымбаттоодо. 20-октябрга карата доллар, евронун курсу кандай

Sputnik Кыргызстан күн сайын негизги валюталардын курсу, күйүүчү майдын наркы жана алтын куймалардын баасы тууралуу маалыматтарды чагылдырып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Өткөн аптада күйүүчү май кымбаттап, алтын менен евронун баасы өстү. Доллар өзгөрүүсүз калды.
Шейшемби күнгө салыштыралуу доллар дээрлик өзгөргөн жок. Евро 11 тыйынга кымбаттады.
Учурда долларды 84,67 сомго сатып алып, 84,9 сомдон сатып жатышат. Ал эми евро сатып алууда 98,08 сом, ал эми сатууда 99,39 сом болдууда. Теңге менен рублдин курсу билинер-билинбес гана өзгөрдү.
"Газпром нефть Азия" май куюучу түйүндөрүндө АИ-92 маркасындагы бензин 30 тыйынга, ал эми дизель отуну 40 тыйынга кымбаттады.
Алтын куймалардын айрым түрлөрүнүн наркы өстү. Бир граммдыгы 31,5 сомго, жүз граммы үч миң сомго кымбаттады.