БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстан беш жылдын аралыгында энергетикалык коопсуздукка жетишет. Бул туурасында министрлер кабинетинин орун басары Азиз Алиев парламентте билдирди.
Учурда депутаттар аткаруу бийлигинин күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу маалымат угуп жатат.
Алиевдин айтымында, энергетика сектору Советтер Союзундагы запасты колдонуп келе жатат. Негизги жабдуулардын 60-70 пайызы эскирди, мындай жол менен кете берүү жалпы энергетиканы жоготуп алуу коркунучуна кептейт.
"Учурда энергетика тармагынын карызы 130 миллиард сомдон ашат. Бул маселени чечүү үчүн орто мөөнөттү тарифтик саясатын бекиттик. Анын негизинде беш жылдын аралыгында тарифтер электр кубатынын өздүк наркына жеткирилет. Бул саясат максатына жетсе жогорку деңгээлдеги энергетика менен коомчулукту камсыздоого шарт түзүлөт. Азыр ички жана сырттан келген инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Алиев.
Ошондой эле ал Нарын, Камбар-Ата-1, 2, Көкөмерен, Суусамыр, Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын ишке киргизүү планын кошумчалады. Аны менен катар күндөн, шамалдан энергия алуу ыкмаларын колдонуп беш жылда толук энергетикалык коопсуздукка жетишүүгө ишендирди.