Радио

Темиров: Жогорку технологиялар паркы IT кызматын 30дай өлкөгө экспорттойт

Жогорку технологиялар паркынын аткаруучу директору Чубак Темиров Кыргызстандын аталган паркы IT кызматын 30дан ашык өлкөгө экспорттой турганын айтты.
Sputnik
Экспорттун көбү АКШ, Казакстан, Россия, Улуу Британия, Японияга жасалып, жалпы көлөмдүн 80 пайызын түзөт. Мындай маалыматты Чубак Темиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Жогорку технологиялар паркы тарабынан былтыр түшкөн 1,2 миллиард сомдун 90 пайызын экспорт түзөт.
"Жогорку технологиялар паркы 30дан ашык мамлекетке экспорт жасайт. Экспорттун көлөмү боюнча биринчи орунда АКШ турат. Бул өлкөгө IT-кызмат көрсөтүүлөрдүн саны өсүп, акыркы кварталда эскпорттун 35 пайызын түздү. Кийинки орундарда Казакстан, Россия, Улуу Британия жана Япония турат. Аталган беш мамлекет экспорттун жалпы көлөмүнүн 80 пайызын түзөт. Мисалы, коңшу өлкөлөрдүн IT тармагындагы экпорттук потенциалы бизге жете элек. ЖТПнын ачылгандагы негизги максаты адистерге жардам берип, алардын кызматтарынын сапатын жакшыртуу болгон. Учурда жылдан-жылга компаниялардын саны өсүп, кирешебиз да жогорулап жатат", — деди Темиров.
Ошондой эле жетекчи кыргызстандык адистер программалоо, сайт, тиркемелерди жасоо, система түзүү багыттары боюнча буюртмаларды аткара тургандыгын кошумчалады.