Президенттик администрациянын Ырайым кылуу комиссиясынын катчысы кармалды. Видео

Шектүү 18-октябрда атайын жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын учурунда кармалган. Учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Президенттик администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы А.Т.Б. пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө ырайым кылынууга жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан мөөнөтүнөн мурда бошотулууга тийиш болгон адамдарды тактоо жана бекитүү тартиби коррупциянын белгиленген схемасы менен түзүлгөнү такталды.
"Президенттин администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы А.Т.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке өзүнө пайда алуу максатында соттолгон адамдын маселесин оң тарапка чечүү жана ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизем деп С.Н. аттуу жарандан 170 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.
2021-жылдын 18-октябрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Т.Б. талап кылынган акчаны алып жаткан жеринен кармалган. Шектүү өлкөнүн Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүүдө.
1 / 4
Президенттик администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы А.Т.Б. пара талап кылууга шектелип кармалды
2 / 4
Мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө ырайым кылынууга жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан мөөнөтүнөн мурда бошотулууга тийиш болгон адамдарды тактоо жана бекитүү тартиби коррупциянын белгиленген схемасы менен түзүлгөнү такталды
3 / 4
2021-жылдын 18-октябрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Т.Б. талап кылынган акчаны алып жаткан жеринен кармалган
4 / 4
Шектүү өлкөнүн Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.