Улуттук банктын мурдагы төрагасы Улан Сарбанов кызматка дайындалды

Мекеменин жаңы жетекчиси эмгек жамаатка тааныштырылды. Сарбанов узак убакыт бою Улуттук банкта эмгектенген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Улуттук банктын мурдагы трагасы Улан Сарбанов Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Аны бүгүн жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев тааныштырды.
Сарбанов узак убакыт бою (1993 - 2006) Улуттук банкта эмгектенген. Ал 1999-2006-жылдары Улуттук банктын төрагасы кызматын аркалаган.