Турист Ханс Хенрик Хаар пилдин крокодилди тебелеп жатканын тартып алган. Окуя Замбиядагы сафариде болгон.
Адатта бул жаныбарлар крокодилге оңой менен кол салбайт, ал эми Хенрик Хаар күбө болгон окуя сейрек учурлардын бири болуп калды.
Маалыматта башкаларга оңой менен тийишпеген бул жаныбардын ургаачысы эгерде баласына кооптуулук жаратса агрессияга алдырары жазылган.
Каардуу жырткычтардын катарына кирген крокодилдер мүмкүнчүлүк жаралса пилдин баласына кол салган учурлар арбын. Эне пил бул сапар баласына аллигатордун жакын болгонуна кооптонуп, коргогонго аракет кылган. Жакындап келип узун тумшугу менен түртө баштаган, бир учурда агрессияга алдырып жибердиби, айтор, кабелтең келген буттары менен суудагы жаныбарды таптай баштаган. Бир тоннадан ашкан салмагы менен крокодилди тебелеп, куйругунан алып кайра сууга чаап, айтор, кыйнап өлтүргөнүн видеодон көрүүгө болот.
Ал "душманынын" өлгөнүнө түшүнгөн жокпу, жансыз жырткычты дагы бир нече секунд ары-бери аласалдырган. Ал тургай бир буту менен денесин басып туруп, аны экинчи буту менен оодарууга аракет кылып жатканы кадрга түшүп калган.