Эч кимге айтпаган сырымды ачам. Назарбаевдин жаңы маегинин тизери

Бул ролик "Штрихи к портрету. Откровение" даректүү тасмасынын бешинчи сериясын презентациялоого арналган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин жаңы маегинин тизери социалдык тармакка чыкты. Аны Елбасынын маалымат катчысы Айдос Укибай Twitter баракчасына жүктөдү.
​Бул ролик "Штрихи к портрету. Откровение" даректүү тасмасынын бешинчи сериясын презентациялоого арналган.
Анда коңшу өлкөнүн биринчи президенти эч нерседен коркпогон адам болбой тургандыгын, журналистке буга чейин эч кимге айтпаган ыймандай сырын ачууга убада берип жатат. Ошондой эле гольф ойноп жатканын көрүүгө болот.
"Мен азыр сизге мурда эч кимге айтпаган сырымды айтып берейин. Сен үчүн бул сенсация болот. Эми мени кечиришсин. Мага деле оңой эмес. Эч нерседен коркпогон адам болбойт", — деп айткан Назарбаев маектин тизеринде.
Интервью толугу менен 21-октябь күнү "Хабар" телеканалынан көрсөтүлөрү айтылды.