Майрамда, дем алышта Бишкектин унаа токтотуучу жайлары акы албайт. Даректер

Иш күндөрү саат 8:00дөн 20:00гө чейин ал жайга унаа токтоткондор 25 сом төлөшөт. Мэрия шаардагы унаа жайларынын дарегин жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бишкектеги муниципалдык унаа токтотуучу жайлар майрам жана дем алыш күндөрү акысыз иштейт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы эскертет.
Иш күндөрү саат 8:00дөн 20:00гө чейин ал жайга унаа токтоткондор 25 сом төлөшөт.
Муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын дареги:
Мэриянын операторлору "Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар" муниципалдык ишканасынын логотиби жазылган кийимчен болот. Бейджиктерди тагынган кызматкерлер төлөмдү тастыктап мөөр коюлган талон бериши шарт.