Чынарбек Изабеков баштаган ардагер балбандар дүйнө чемпионатында күрөшөт

Мелдеш бүгүн, 19-октябрда, Грециянын Лутраки шаарында башталып, 24-октябрга чейин созулат. Анын жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайты түз алып көрсөтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстандык грек-рим жана эркин күрөш боюнча ардагер балбандар дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш боюнча федерациясы билдирди.
Мелдеш бүгүн, 19-октябрда, Грециянын Лутраки шаарында башталып, 24-октябрга чейин созулат.
Турнирге ардагерлер арасында эки жолку дүйнө чемпиону Чынарбек Изабеков катышат. Ал Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси, 2021-жылдагы дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу болуп саналат.
Мелдешке катышуучу балбандардын тизмеси:
Азамат Бекмырзаев менен Куват Ахметов Кыргызстандын атынан турнирдеги беттештерге калыстык кылат.
Мелдештер Бишкек убактысы боюнча 13:30да башталат. Анын жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөтөт.