Бийлик Бишкек менен аймактарда көмүрдүн баасын бекитти. Канчадан ашпаш керек?

Өлкөдө көмүрдүн наркынын өсүү темпин кармап туруу үчүн өкмөттүн токтому чыккан. Ага ылайык, кара алтындын баасы 90 күн көзөмөлдөнөт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргызстанда көмүрдүн баасын бекитти. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, өлкөдө көмүрдүн наркынын өсүү темпин кармап туруу үчүн өкмөттүн токтому чыккан. Ага ылайык, кара алтындын баасы 90 күн жөнгө салынат.
Мамлекеттик агенттик көмүрдүн бир килограммынын чекене баасын жана бир тонна кара алтындын баасын көрсөткөн. Нарк көмүр казып алынган жер менен райондон көз каранды.
Бишкектеги жана аймактардагы көмүрдүн баасы:
Шаар, райондордогу баалардын таблицасы менен Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин сайтынан тааныша аласыздар.