Аалиев: COVID өсө баштады, реанимациядагылардын бирөө да эмделген эмес

Инфекционист бейтаптардын абалы тез эле оорлошуп кетип жатканын айтты. Ооруканага жаткандардын арасында 20-23 жаштагылар дагы бар.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканага коронавирус менен кайрылгандардын жана жаткандардын саны көбөйүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине аталган мекеменин жетекчиси Гүлжигит Аалиев билдирди.
Анын айтымында, коронавирус инфекциясы менен мындан эки жума мурун 20-30 адам кайрылып, алардын жарымы ооруканага жатчу. Азыр 55тей киши келип, 35и ооруканага жатууда.
"Бейтаптардын абалы тез эле оорлошуп кетип жатат. Азыркы коронавирус курч кармоодо. Үйдө жатып өтүштүрүп жибергендер дагы деле бар. Жашы улгайгандар гана эмес, 20-23 жаштагы жаш балдар келүүдө. Реанимацияда жаткандардын бирөөсү дагы вакцина алган эмес", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ал Республикалык инфекциялык клиникалык оорукана азыр COVID жуктургандарды гана кабыл алып жатканын, башка жугуштуу ооруларга кабылгандар Темир жол ооруканасы менен Балдар ооруканасына барса болорун айтты.
Дарыгер бейтаптарды санитардык-гигиеналык эрежелерди сактап, коронавируска каршы вакцина алууга чакырды.