Бишкектин борбордук бөлүгүндө акысыз Wi-Fi зона иштей баштады

Эми шаар тургундары жана коноктор Эркиндик проспектине орнотулган интернетти күнү-түнү колдоно алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-октябрь ― Sputnik. Бишкектин борборунда акысыз Wi-Fi иштеп баштаганын "Кыргызтелеком" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Акысыз интернет Эркиндик проспектинин Чүй проспектинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жеткиликтүү болот. Ал "Жеткиликтүү санариптик дүйнө" долбоорунун алкагында ишке ашкан.
Эми борбор калаанын тургундары жана коноктору мамлекеттин үлүшү бар компанияда кепилденген акысыз WI-FI зонасын күнү-түнү пайдалана алышат.