Баштыктын ичине салып койгон. Бишкекте ымыркайдын сөөгү табылды

Милиция Жазык кодексинин 150-беренеси ("Коркунучта калтыруу") боюнча кылмыш ишин козгоп, наристенин энесин издөөдө.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Аламүдүн-1 кичи районунун аймагында ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
Баштыктын ичинен баланын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат милицияга 17-октябрда күндүз түшкөн.
Милиция Жазык кодексинин 150-беренеси ("Коркунучта калтыруу") боюнча кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Экспертиза дайындалып, ымыркайдын энеси изделип жатканы кошумчаланды.