Дарыгер баланы суперинфекциядан кантип сактаса болорун айтты

Адистин түшүндүргөнүнө караганда, суперинфекция деп ооруп жаткан бала үстүнө дагы бир инфекцияны жуктуруп алган учур аталат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Ооруканаларга балдардын көп келиши суперинфекцияны пайда кылышы мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаардык клиникалык балдар ооруканасынын дарылоо иши боюнча башкы дарыгеринин орун басары Жамиля Анакеева билдирди.
Бишкек шаардык клиникалык балдар ооруканасынын дарылоо иши боюнча башкы дарыгеринин орун басары Жамиля Анакеева
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Балдар арасындагы сасык тумоо. Кичинекейлерди коронавирустан кантип коргойбуз?" деп аталган брифингге катышкан.
Пресс-борбор
Ооругандар көп, айрым балдар аягына чейин дарыланбай калууда. Бишкектеги эпидкырдаал
Анын айтымында, азыр балдар алып келинип жаткан оорукана жугуштуу илдети барларды кабыл алууга ылайыкталган эмес. Эске салсак, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы пандемия башталгандан бери коронавируска кабылгандарды дарылап жатат. Мындан улам башка инфекцияларга чалдыккан бөбөктөр Балдардын шаардык клиникалык ооруканасына жаткырылууда.
Андыктан башкы дарыгердин орун басары ата-энелерге кайрылып, бала жөтөлүп, дене табы көтөрүлсө Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна барууну сунуштады.
"Андагы дарыгерлер консультация берип, дары-дармек жазат. Ал эми ооруканага аймактык дарыгердин кеңеши менен гана кайрылыңыздар. Мындай учурда ооруканаларда кезекке тургандардын саны азаят. Ал эми адистер чындап ооруканага жатууга муктаж болгон балдарга жакшыраак жардам көрсөтүшөт", — деди Анакеева.
Анын айтымында, күн сайын ооруканага келген 350-400 баланын 10 пайызы гана жатып дарыланууга муктаж. Ооруган балдар мынчалык көп топтошуп алса суперинфекцияга кабылышы мүмкүн. Анда бөбөктүн абалы ого бетер начарлайт.
Адистин түшүндүргөнүнө караганда, суперинфекция деп ооруп жаткан бала үстүнө дагы бир инфекцияны жуктуруп алган учур аталат.