Сызга отурба! Гинеколог аялдардын суукка урунушунун оор кесепетин айтты

Суук түшөрү менен гинекологдорго 18-45 жаштын ортосундагы кыз-келиндер көп кайрыла баштайт. Себебин адис түшүндүрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Суук түшөрү менен көпчүлүк аялдар дарыгерге табарсык тушу ооруп, анын тегерегиндеги бездер шишип жатканына даттанып кайрылышат. Бул эмненин белгиси жана ден соолукка канчалык кооптуу экенин "Известия" басылмасына акушер-гинеколог Виктория Фисюк айтып берди.
Дарыгердин билдиргенине караганда, мындай көйгөйлөр менен көбүнесе репродуктивдик курактагы, тагыраагы, 18-45 жаштын ортосундагы кыз-келиндер кайрылат.
"Кичине кезибизде ата-энебиз "сызга отурба" деп айтчу эмес беле. Бул бекеринен эмес. Эркектерге салыштырмалуу аялдардын заара каналдары 5 эсе кыска болот. Мунун айынан тукум улоо системасындагы органдарга тез суук тиет. Негизинен сыз заара каналына жана жатынга өтүп, анын кесепетинен цистит жана пиелонефрит илдеттери пайда болот. Эң өкүнүчтүүсү, бул оорулар бат эле өнөкөт формасына өтүп кетет", — деди гинеколог.
Окумуштуулар аялдар төрөттөн кийин канча жылга картая турганын айтты
Ал эми энелик бездерге суук тийген учурда сальпингоофорит дарты пайда болот. Бул жыныстык органды какшатып оорутуп, тукумсуздукка алып келиши мүмкүн. Айрым учурда бул илдетти дарылабай жүрө бергенде түйүлдүк аялдын жатынына эмес, жатын моюнчасына бүтүп калат.
Аялга суук тийген учурда жыныс органдарында зыяндуу бактериялар козголот. Организм алсыраган учурда мителер дароо баш көтөрөт. Андыктан дарыгер суук түшөрү менен жылуу кийинип жүрүүнү сунуштайт.