Балбан кыздардын аты коюлган үч эм. Айсулуу Тыныбекова төрөт үйүнө барды. Сүрөт

Дүйнө чемпионаты болуп жаткан маалда, 5-октябрда, Бишкекте үч эм төрөлүп, ымыркайлардын ата-энеси аларга Айсулуу, Айпери, Ай-Мээрим деген ысымдарды ыйгарышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова балбан кыздардын ысымы ыйгарылган үч эмди төрөт үйүнөн чыгарууга барды.
1 / 3
Күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова балбан кыздардын ысымы ыйгарылган үч эмди төрөт үйүнөн чыгарууга барды
2 / 3
Сүрөттө көрүнүп тургандай, балбан ымыркайлардын бирин көтөрүп, алардын апасына белек берген
3 / 3
Белгилей кетсек, дүйнө чемпионаты болуп жаткан маалда, 5-октябрда, Бишкекте үч эм төрөлүп, ымыркайлардын ата-энеси аларга Айсулуу, Айпери, Ай-Мээрим деген ысымдарды ыйгарышкан
Сүрөттө көрүнүп тургандай, балбан ымыркайлардын бирин көтөрүп, алардын апасына белек берген.
Белгилей кетсек, дүйнө чемпионаты болуп жаткан маалда, 5-октябрда, Бишкекте үч эм төрөлүп, ымыркайлардын ата-энеси аларга Айсулуу, Айпери, Ай-Мээрим деген ысымдарды ыйгарышкан.
Эске салсак, Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, ал эми Айпери Медет кызы коло медаль тагынып келди.