Белгилей кетсек, Айпери Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча эң оор салмакта (76 кг) коло медаль уткан.
Маек учурунда балбан дүйнө чемпионатынын жарым финалында эстониялык атаандашына эмнеден улам жеңилип калганын айтып, күчүн дагы бир жолу сынап көрүү үчүн эл аралык мелдешке даярданып жатканын белгиледи. Балбан кыз спортко кантип келип калганын, орто жолдон күрөштү таштаганы тууралуу да кеп кылды.
"Күрөшкө 12 жашымда келгем. Бирок орто жолдон кыйналып кетип таштап салгам. Буга башка нерсе да себеп болгон. Бала чагыман чоң ата, чоң энемдин колунда өстүм. Бир күнү чоң энем ооруп, аны карап ооруканага жатып калдым. Ошондо мага ал кишинин ден соолугу маанилүү болуп, спортчу болбой эле дарыгер болоюн деген ой келген. Бирок апам, чоң атамдар "сен күрөшүшүң керек, сенден бир нерсе чыгат" деп, кайрадан спортко келип күрөшө баштагам", — деди Медет кызы.
Айпери спортко шыктандырган, дем-күч берген адамдары, жеке жашоосу жана хоббиси тууралуу да ой бөлүштү.