Бирөө кечигип, экинчиси баш тартты. 21 партия шайлоонун кийинки этабына өттү

"Ак Асаба" кечигип калганы үчүн документи кабыл алынган эмес. "Кыргызстандын прогрессивдүү жаштары" жарышка катышуудан баш тартты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 21 партия калды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
Кечээ, 18-сентябрда, саат 18:00дө партиянын тизмесиндеги талапкерлердин бардык документин БШКга тапшыруу мөөнөтү аяктады.
Буга чейин каттоодо турган 23 саясий уюмдун 20сы документин толугу менен, "Жашасын Кыргызстан" партиясы жарым-жартылай тапшырган. Ал эми "Ак Асаба" кечигип калганы үчүн документи кабыл алынган эмес. "Кыргызстандын прогрессивдүү жаштары" партиясы шайлоого катышуудан баш тарткан.
Натыйжада төмөнкү 21 партия жарышка аттанууда: