Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз кеткендерди издеген топтун ат көтөргүс иши

Жоокер Матяшовдун Бишкек шаарында жашаган небересине чоң атасы курман болгон деп болжолдуу аныкталган жердин топурагы жана сүрөттөрү тапшырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Өткөн ишемби күнү Аламүдүн районуна караган Ленинское айылындагы Маданият үйүндө "Биздин Жеңиш – Наша Победа" деп аталган издөө тобу жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу өткөрдү.
Алардын жетекчиси Татьяна Владимирова Россиядагы дал ушундай топ менен өз ара кызматташып иш алып барышарын, достугун баяндаган. Калуга облусундагы Барятин районунда август айында өткөн издөө боюнча эл аралык экспедицияга катышкандыгы маанилүү иштердин бири болгондугун билдирди. Иш-чарага келгендерди издөө отрядынын командири Екатерина Дятлова тосуп алды.
1 / 3
Өткөн ишемби күнү Аламүдүн районуна караган Ленинское айылындагы Маданият үйүндө "Биздин Жеңиш – Наша Победа" деп аталган издөө тобу жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу өткөрдү
2 / 3
Алардын жетекчиси Татьяна Владимирова Россиядагы дал ушундай топ менен өз ара кызматташып иш алып барышарын, достугун баяндаган. Калуга облусундагы Барятин районунда август айында өткөн издөө боюнча эл аралык экспедицияга катышкандыгы маанилүү иштердин бири болгондугун билдирди. Иш-чарага келгендерди издөө отрядынын командири Екатерина Дятлова тосуп алды
3 / 3
Сахнанын алдында эң баалуу артефактылар — "Биздин Жеңиш – Наша Победа" тобу Россиядагы саздардан, токойлордон тапкан Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Кызыл Армиянын жоокерлеринин жеке буюмдары турду. Ал эми столдо дайынсыз кеткен жоокерлерди издеп табууда талбаган эмгек, көп мээнет жумшап иштеген издөөчүлөргө тапшырылган грамоталар, дипломдор тизилген.
Сахнанын алдында эң баалуу артефактылар — "Биздин Жеңиш – Наша Победа" тобу Россиядагы саздардан, токойлордон тапкан Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Кызыл Армиянын жоокерлеринин жеке буюмдары турду. Ал эми столдо дайынсыз кеткен жоокерлерди издеп табууда талбаган эмгек, көп мээнет жумшап иштеген издөөчүлөргө тапшырылган грамоталар, дипломдор тизилген.
Иш-чаранын башында Владимирова Эл аралык издөө экспедициясына катышкан учурларды баяндап берди. Анда соң кийинки муундарга "Биздин Жеңиш – Наша Победа" жасаган иштер, "Западный фронт. Варшавское шоссе. Нам доверена память..." ролиги да көрсөтүлдү.
Аталган топ согушта курман болгондордун элесин сактап калуу, мекендин эркиндиги үчүн баскынчылардын Ата Журтубузга ээлик кылуусунан коргоп, кан-жанын аябай салгылашкан аталар, апалар туурасында тарыхты аяр сактап, маанисин жоготпой кийинки муундарга жеткирүү жаатында ат көтөргүс иш жасап келет.
Иш-чарада "Зайцева Гора" даректүү фильминен үзүндү көрсөтүлдү. Анда 385-аткычтар дивизиясынын душман менен айыгыша кармашканы айтылган. Ошол жоокерлердин арасында кыргызстандык Дмитрий Матяшов да болгон
Иш-чарада "Зайцева Гора" даректүү фильминен үзүндү көрсөтүлдү. Анда 385-аткычтар дивизиясынын душман менен айыгыша кармашканы айтылган. Ошол жоокерлердин арасында кыргызстандык Дмитрий Матяшов да болгон. Маалыматтарга караганда, ал ошол кандуу кармашта курман болгон. Издөөчүлөр каарман жоокердин туугандарын таап, 1942-жылдын 19-январында кызы менен жубайына жазган акыркы катын беришти. Фильмден соң Матяшовдун Бишкекте жашаган небересине чоң атасы курман болгон деп болжолдуу аныкталган жердин топурагы жана сүрөттөрү тапшырылды. Залда отургандардын көз алдына кызыл армиячылар өмүрүн аябай, улам тиштенип, улам кайраттанып немецтик баскынчылар менен салгылашып жаткан ирмемдери, айтып бүткүс эрдиктери, жоокерлердин согуш соолуткан өмүрү, жакындарынын азаптуу кайгысы бир ирмемге тартылды.
Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлеринин сүрөтү илинген сайт иштей баштады
Владимирова жоокер Дмитрий Матяштын атын түбөлүккө калтыруу үчүн Россиянын Коргоо министрлигинин борбордук архивиндеги докуметтерди изилдеп, карап чыгуу боюнча чоң иштер тургандыгын белгиледи.
Иш-чаранын соңунда издөө тобундагы активдүүлүгү менен айырмаланган Ленинское айылынын улан-кыздарына сертификаттар тапшырылды. Андан сырткары, өзгөчө сертификат дагы төрт катышуучуга ыйгарылган.