Акыйкатчы, шаардык кеңештин төрагасы. Шайлоого катышам деп иштен кеткендер

29-августта "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" конституциялык мыйзам күчүнө кирген. Андагы 21-беренеге ылайык, мамлекеттик саясий кызматтарды аркалаган жетекчилер шайлоого катышса иштен кетиши керек.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстанда ар кайсы деңгээлдеги жетекчилик кызматтарды ээлеп турган аткаминерлер 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого аттанып жаткандыктан иштен кетүүдө. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиядан кабарлашты.
БШК эске салгандай, быйылкы жылдын 29-августунда "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" конституциялык мыйзам күчүнө кирген. Андагы 21-беренеге ылайык, мамлекеттик саясий кызматтарды аркалагандар (ЖК депутаттары менен президенттен башкасы) жана муниципалдык саясий кызматкерлер (жергиликтүү кеңештин депутаттарынан башкалар) шайлоого катышып жаткан учурда кызматтан четтетилиши зарыл.
Ал эми башка мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды аркалагандар жана ЖМК өкүлдөрү талапкерлигин койгондон тарта шайлоо жыйынтыгы угузулганга чейин кызматтык милдеттерин аткарууну токтотуп турушу керек.
Мындан улам төмөнкү жетекчилер ишин тапшырды:
Ошондой эле БШК кызматтан кетүү арызын акыйкатчы Токон Мамытов дагы жазганын кошумчалады.