УКМК Эркин Салымбековдун кармалышынын чоо-жайын билдирди

Буга чейин Салымбековдун атайын кызмат тарабынан кармалып бир айга камакка алынганы айтылган. Ал айыл чарба азыктарын экспорттоодо өндүрүүчүлөргө атайын тоскоолдуктарды жараткан деп шектелип жатканы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. УКМКнын маалымат кызматы ишкер Эркин Салымбеков кайсы иш боюнча шектелип жатканын билдирди.
Буга чейин маалымдалгандай, Салымбеков атайын кызмат тарабынан кармалып, бир айга камакка алынган.
Ал айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоодо атайын тоскоолдуктарды жараткан деп шектелип жатат. Бул ишке Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин айрым кызматкерлеринин дагы катышы болгонду айтылды.
Мунун кесепетинен айыл чарба өндүрүүчүлөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукцияларды эспорттоо үчүн кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болушкан.
"Иликтөөнүн жыйынтыгында министрликтин айрым кызматкерлери, бул коррупциялык схеманы уюштурган логистикалык компаниянын өкүлдөрү жана "Дордой Дыйкан" базарынын директору Эркин Салымбеков кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Кармалгандарга карата сот тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланып жатканы айтылды.