Радио

Нурматов: метрология жана стандартташтыруу багытында адистер жетишсиз

Бишкектеги текшерип көрүү, метрология жана сертификациялоо борборунун жетекчисинин орун басары Болот Нурматов кадрларды даярдоо абдан орчундуу маселе экендигин айтты.
Sputnik
Стандартташтыруу, метрология багыты боюнча учурда Кыргыз мамлекеттик техникалык, Кыргыз экономикалык университеттеринде адистерди даярдашат. Мындай маалыматты Болот Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, рынок экономикасынын шартында стандарттарга болгон өзгөрүү кыска мөөнөттө алмашып жатат.
"Стандартташтыруу, метрология багытында кадр маселеси орчундуу иш бойдон калууда. Адистерди окутуу, кайра даярдоо чоң күчтү жана көп каражатты талап кылат. Мисалы, советтик мезгилде стандарттарды өзгөртүүгө болжолдуу 20 жылдай керектелген. Ал эми бүгүнкү рынок экономикасынын шартында эки жылда жаңы стандарттарды иштеп чыгуу зарыл болуп калды. Демек, рынок тыным албай өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Ага байланыштуу учурда Кыргыз мамлекеттик техникалык, Кыргыз экономикалык жана Кыргыз улуттук университеттеринде адистерди даярдоого көңүл бурулууда. Борбор жогорку окуу жайлар менен тыгыз иш алып барып жатат. Себеби илим менен практикалык иш айкалышканда гана жакшы жыйынтыкка жете алабыз", — деди Нурматов.
Ошондой эле жетекчи кесипкөй адистер өндүрүштө практикалык иштин жоктугунан улам жетпей жаткандыгын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз: