Кыргызстанда 120дан ашуун медик россиялык адистердин вебинарына катышууда

Вебинар ноябрдын ортосуна чейин уланат. Анда өзгөчө көңүл алыскы райондордогу медиктердин иш тажрыйбасын жогорулатууга бурулмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстан боюнча 120дан ашуун дарыгер Россиядагы адистердин вирустук гепатитти дарылоо боюнча вебинарына катышууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. 
12-октябрда башталган вебинар 13-ноябрда аяктайт. Ага өлкөдөгү инфекционист, гепатолог, үй-бүлө дарыгерлери катышат. Өзгөчө көңүл алыскы райондордогу медиктердин иш тажрыйбасын жогорулатууга бурулмакчы.
Дарыгер Үмүт Саипова: гепатиттин жаңы F жана G түрү аныкталууда
Лекцияны Москва облусундагы Илим-изилдөө клиникалык институтунун гепатология бөлүмүнүн улук кызматкери, медицина илимдеринин кандидаты Наталья Воронкова менен H-Clinic университеттик клиникасынын дарылоо боюнча консультанты Роман Ледков окумакчы.
Вебинарды "Гепатитке жол жок" коомдук бирикмесинин жетекчиси жана координатору, активист Нургазы Батырбеков демилгелеп, Ден соолук, укук, гендер жана сексуалдык ар түрдүүлүк боюнча Евразия коалициясы техникалык колдоо көрсөткөн.