Өткөн суткада 70 кишиден коронавирус табылып, эки адам көз жумду

Коронавирустан каза болгон эки адамдын тең вакцина албаганы айтылды. Азыркы учурда ооруканаларда 542 бейтап дарыланып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 70 кишиден COVID табылып, 45 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 179 913кө жетти. Анын ичинен 174 692 киши дартты жеңген. Кечээтен бери коронавирус эки адамдын өмүрүн алды. Экөө тең коронавируска каршы эмделген эмес. Муну менен илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 2 636га жетти.
Азыркы тапта стационарда 542, ал эми амбулатордук шартта 539 адам дарыланып жатат.