Бакты сүзгөн. Кеминдеги кырсыкта эки адам көз жумуп, үчөө жабыркады

Кырсыктан 17 жаштагы С.Т. аттуу бала каза тапкан. Көз жумган кыз менен жабыркаган үч кишинин жашы, аты-жөнү такталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Чүйдө Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бакты сүзгөн. Анын айынан эки киши каза таап, дагы үчөө жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Чүйдө Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бакты сүзгөн. Анын айынан эки киши каза таап, дагы үчөө жабыркады
Каргаша кечээ, 17-октябрь күнү, Кемин районунун Ударник айылынын Ленин көчөсүндө болгон.
Кырсыктан 17 жаштагы С.Т. аттуу бала каза тапкан. Көз жумган кыз менен жабыркаган үч кишинин жашы, аты-жөнү такталууда.
Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.