БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Россияда ооруканага түшүп каза тапкандардын, ооругандардын көп болуп жаткандыгына COVID-19дун башка штаммдары жана дельта-штаммдын арбын жайылып кетиши себепкер. Бул туурасында россиялык сенатор, педиатр, РФтин эмгек сиңирген дарыгери Владимир Круглый Sputnik маалымат агенттигинин маалымат борборундагы видео көпүрөдө айтты.
"Мен изилдене элек жаңы штаммдардын бар экендигинен шек санабайм. Инфекциянын мурдагыдан да агрессивдүү жана тез жуга баштагандыгы чындык. Анын инкубациялык мөөнөтү кыскарды. Тагыраагы, мурдагыларга караганда тез тарап, бейтаптын абалын заматта начарлатып жиберип жатат", — деди дарыгер.
Ал саламаттык сактоо системасы болушунча иштеп жаткандыгын айтты
"Ойлонткон нерсе саламаттык сактоо системасынын абалы, ал бардык жерде жаралган кыйынчылыктар менен күрөшүүдө. Эгерде Москва жана башка ири шаарларда кандайдыр бир резервдер болсо, аймактарда абал өтө начар. Бир нече күн мурда облустардын биринин губернатору аны цунами менен салыштырды. Чындыгында бул инфекция цунамиси РФтин аймактарына тарады", — деген Круглый.
Ал абалга таасир этип жаткан нерсе эмдөөнүн жай жүрүп жаткандыгы деп белгилеген.
Эске салсак, акыркы күндөрү Россияда эпидемиологиялык абалдын начарлап бара жаткандыгы байкалууда. Бир күндө коронавирустан каза тапкандардын саны миң кишиден ашып кетти.