Анталья шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды

Мындай чечим эки өлкөнүн региондору ар тараптуу байланыштарын өнүктүрүп, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүүсү үчүн кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Түркиянын Анталья шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Мындай чечим эки өлкөнүн региондору ар тараптуу байланыштарын өнүктүрүп, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүүсү үчүн кабыл алынган. Ошондой эле Кыргызстандын жарандарын консулдук тейлөө көйгөйлөрүнүн чечилишине шарт түзүлмөкчү.