Жүк ташуучу автоунаалар көбөйтүлөт. Акылбек Жапаров "Торугартка" барды

Жапаров учурда Нарында жумушчу сапары менен жүрөт. "Торугарттан" тышкары, Тайлак баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүнүн заставасынын абалы менен таанышты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайына  барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров "Фантузи" контейнердик кранынын иши менен таанышып чыккан.
"Ал мындан ары жүктөөлөр Арка аймагында  (Арка — Кытай менен Кыргызстандын чек арасынын ортосундагы нейтралдуу аймак) эмес, "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктунда ишке ашырыларын жана жүк ташуучу автоунаалардын саны көбөйтүлө турганын белгилеген.  Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы дезинфекциялык барьердин абалы менен таанышып, анын инфраструктурасын жакшыртууну тапшырды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Жапаров Тайлак баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүнүн заставасынын абалы менен таанышкан.