Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болмокчу

Аида Касымалиева парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаты. Ага чейин бир катар эл аралык ЖМКларда иштеген, орус, англис тилдерин билет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болууга Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын талапкерлиги жактырылды. Мындай чечим Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде кабыл алынганын аталган комитеттен кабарлашты.
"Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлүнүн кызмат ордуна Аида Касымалиеванын талапкерлиги жактырылсын", — деген чечим кабыл алынган.
Эми документ Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлөт.
Аида Касымалиева парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаты. Ага чейин бир катар эл аралык ЖМКларда иштеген, орус, англис тилдерин билет.