Радио

Шабыкеев: Тоңдо жамааттык корук түзүлүп, учуп келген ак куулар миңден ашты

"Ак-Булуң" жамааттык коруктун жетекчиси Эрмек Шабыкеев Тоң районунун Лахол айыл аймагындагы Кара-Талаа айылындагы коруктун аймагы 300 гектарды түзөрүн маалымдады.
Sputnik
Жергиликтүү бийлик, эл менен биргеликте жамааттык корук түзүлүп, айылыбыздын табиятын коргоого алуудабыз. Бул тууралуу Эрмек Шабыкеев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган корук эки жыл мурда түзүлгөн.
"Кара-Талаа айылында аң уулоо, балык кармоо, браконьерлик күч алып кеткен. Андан сырткары, аталган аймак жайыт катары дагы колдонулуп келген. Бул келгин куштардын, жапайы жаныбарлардын отуна, тамактануусуна зыянын тийгизет. Себеби алардын тамактануучу аймагын мал ээлеп алчу. Анан жергиликтүү бийлик, калк менен келишип, эки жыл мурун "Ак-Булуң" жамааттык коругун түзгөнбүз. Анын жалпы аянты 300 гектар. Башында эл арасында жаратылышты мамлекет коргойт, егерлер бар деген пикир болуп жаткан. Кийин алар жетишпей турганын, айылдын табияты бизге керек экенин түшүндүрдүк. Учурда жергиликтүү эл дагы активдүү көмөктөшүп, башка жактан келгендерди сүрөткө тартып же видеосун жөнөтүп турушат. Көрүлгөн аракеттердин натыйжасында ак куулардын саны миңден ашты. Өрдөктүн 12 түрү кыштап, алардын жалпы саны 10 миңге жетти. Мындан тышкары, кыргоол, коенду көрүү мүмкүн болбой калган, азыр алар да акырындап көбөйө баштады", — деди Шабыкеев.
Ошондой эле ал жаратылыш сүйүүчүлөргө корукка кирүүгө уруксат берилгенин кошумчалады.
Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз: