Туз топтолот. Дарыгер С витамининин кооптуулугун айтты

Медиктер белгилегендей, организмге синтетикалык витаминдердин 10 пайызы гана сиңет. Ошондой эле алардан чыккан туз акырындык менен топтоло берет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников "Россия 1" телеканалынын эфиринде синтетикалык витаминдерди колдонуу организмде ташты пайда кылышы мүмкүн деп айтканын РИА Новости жазды.
Билдирмеге караганда, студияга конокко келген медицина илимдеринин доктору Алексей Соболев синтетикалык витаминдердин организмге 10 пайызы гана сиңерин айтып, аларды кадимки азык-түлүктөн алууга аракет кылууга чакырган.
Мясников кесиптешинин оюна кошуларын айтып, мындай синтетикалык витаминдер ден соолукка көйгөй жаратышы мүмкүн экенин эскерткен.
"С витаминин таблетка түрүндө колдонсоңуз ал сиңбей туруп калып, андан таш пайда болушу мүмкүн", — деген Мясников.
Адис витамин, минералдардан чыккан туз акырындык менен чогулуп отуруп кийин бөйрөктө таш пайда кыларын кошумчалаган.