Радио

Азизбекова: былтыр 50 миңдей кош бойлуу аялга камсыздандыруу полиси берилди

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун программаларын ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Жыпара Азизбекова 2020-жылы 50 миңдей кош бойлуу аялга камсыздандыруу полиси берилгенин айтты.
Sputnik
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) 2015-жылдан баштап кош бойлуулугу боюнча каттоодо турган аялдарга бекер милдеттүү камсыздандыруу тарата баштаган. Бүгүнкү күндө полистин наркы бир жылга 1 286 сом деп белгиленген. Бул каражатты фонд төлөйт. Бул тууралуу Жыпара Азизбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылы Кыргызстанда 139 059 аял төрөгөн.
"Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алуу үчүн кош бойлуу аялдар 12-жумасында Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна, фельдшердик-акушердик пунктуларга каттоого турушу зарыл. Полисти алгандарга орточо эсеп менен 50 пайыз базар баасынан жеңилдетилген негизде дары-дармектерди (темир, йод, фолий кислотасы жана башка препараттар) алганга мүмкүчүлүк берилет. ММКФ тарабынан 2020-жылы 49 904 аялга камсыздандыруу полиси берилсе, анын 93 пайызы камсыздандырылган эмес болгон. Мамлекеттик кепилдиктер программасынын негизинде адистин жолдомо каты болсо базалык лабораториялык жана диагностикалык 11 изилдөө (кан, заара анализи, уретралдык, вагиналдык мазоктун микроскопиясы ж.б.) акысыз жүргүзүлөт. Ошону менен бирге төрөт жана кесарево бекер болот. Ал эми кош бойлуулар жеңилдетилген жардам алганына карабастан кымбат изилдөөлөрдүн (ангиография, гемосорбция, ангиокардиография, компьютердик томография, коронарография ж.б) акысын өздөрү төлөшөт", — деди Азизбекова.
Адис чет элдик жарандар камсыздандыруу полисин бир жылга 15 652, ал эми жарым жылга 7 826 сомго ала алышарын кошумчалады.