Адамдын башкы органдарын кантип карылыкка алдырбоо керек. Адистин кеңеши

Адис жаш өйдөлөгөн сайын, дегеле азыркы жашоодо тынч уйку, тамактануу жана кыймылда болуу адамдар үчүн эң маанилүү нерсе экендигин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Адамдын мээси мезгилинен эрте эле, маселен, отуз жаштын тегерегинде картая башташы мүмкүн: эс тутум жана иштөө начарлайт. Муну кантип болтурбай коюуга болорун Sputnik радиосусуна психофизиолог Вячеслав Лебедев айтып берген.
Адис жаш өйдөлөгөн сайын адамдар жаңы маалыматтарды начар эске тутарын жана алар көп иштерди бир учурда жасай албай калышы мүмкүндүгүн айтты. Дарыгер бул мээ картайып, когнитивдик функциялардын төмөндөшүнөн улам болот деп эсептейт. Ал жаштар да унутчаак болуп жана ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөгөн учурлар арбын кездешип жаткандыгын билдирди.
"Мындай көйгөй улгайгандарда эле эмес, жаштарда да кезигип жатат. Мисалы, адам отуз жашка чейин ошол эле жумуштарды кадимкидей жасап, көптөгөн каттарга жооп берип, андан башка да бир топ иштерди оңой эле аткарып келсе, бир учурда эле аны кылыш кыйынга туруп калып жатат", — деген эксперт.
COVID интеллектини эмне үчүн жабыркатарын невролог түшүндүрүп берди
Когнитивдик көйгөйлөрдүн пайда болуп жана анын өрчүп кетишин сергек жашоо образы менен жайлатууга болорун айтты.
"Тынч уйку, тамактануу жана кыймылда болуу — булар өтө зарыл болгон базалык элементтер. Эгерде алардын бири эле аксаса, маселен, жакшы тамактанбасак, уйку канбаса же аз кыймылдасак, калганы майнапсыз болуп калат. Бул үч нерсе биздин когнитивдик саламаттыгыбызды бекем кармап турат", — деген Лебедев.
Адис эгерде жакшы уйку, жакшы тамактануу жана активдүү кыймыл жардам бербесе, анда дарыгерге кайрылуу керектигин эскерткен.