COVID: 70 адам ооруп, эки киши көз жумду. 17-октябрдын маалыматы

Өткөн суткада Жалал-Абад менен Баткен облустарынан коронавирус жуктургандар катталбаганы маалымдалды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Өткөн суткада 70 адамдан коронавирус табылып, илдет эки бейтаптын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ал эми ооруну жеңип, аман-эсен айыгып кеткендердин саны 69 адам болду.
Коронавирус төмөнкү аймактарда катталды:
"Тилекке каршы, эки бейтап каза тапты. Алар коронавируска каршы вакцина албаган жарандар болгон", — деп айтылат маалыматта.
COVID каары: 100 млн. адам жакырланып, 4 млрд. киши жардамсыз калды
Муну менен аталган илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 2 634кө жетти. Дарт пайда болгондон тарта ооруп калгандардын жалпы саны 179 845ке чыкса, алардын ичинен 174 647 адам айыгып кеткен.
Азыркы тапта стационарда 536, ал эми амбулатордук шартта 526 бейтаптын дарыланып жатканы айтылды.
Өткөн бир сутка ичинде эмдөөдөн 7 197 адам өттү, анын ичинен 4 075 биринчи дозаны, 3 122 киши экинчи дозаны алган.