Таласта эки автоунаа кагышып, 8 киши каза тапты. Сүрөт

Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа менен DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаанын сүзүшкөнү айтылды. Каза тапкандардын бири аял, калганы эркек.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Таластын Кара-Ой айылында эки автоунаа кагышып, жол кырсыгы сегиз кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4
Таластын Кара-Ой айылында эки автоунаа кагышып, жол кырсыгы сегиз кишинин өмүрүн алды
2 / 4
Кырсык 15-октябрь күнү саат 22:54төр чамасында Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун 61-чакырымында (Кара-Ой айылы) болгон
3 / 4
Анда Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа менен DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа кагышкан
4 / 4
ӨКМ көз жумгандардын аты-жөнү учурда такталып жатканын кабарлады.
Билдирмеге караганда, кырсык 15-октябрь күнү саат 22:54төр чамасында Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун 61-чакырымында (Кара-Ой айылы) болгон.
"Анда Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа менен DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа кагышып, кырсыктан сегиз киши (жети эркек, бир аял) каза болгон", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ көз жумгандардын аты-жөнү учурда такталып жатканын кабарлады. Жерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, каза болгондордун сөөгү чыгарылып, ИИмге өткөрүп берилген.