12 жаштагы бала бар... Таласта 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыктын чоо-жайы

Honda Stepwgn автоунаасынын айдоочусу жүргүнчү ташып иштегени, кырсык болор күнү кеч киргенине карабай болжол менен саат 22:00дө жүргүнчүлөрдү салып алып Бишкек шаарына чыгып кеткени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Таластын Кара-Ой айылындагы жол кырсыктан көз жумгандардын арасында 12 жаштагы өспүрүм бар. Бул тууралуу Талас облустук ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
15-октябрь күнү саат 22:54төр чамасында Таластын Кара-Ой айылында Honda Stepwgn менен DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа кагышып, сегиз адам көз жумган
2 / 3
Алдын ала маалыматтар боюнча, Honda Stepwgn автоунаасынын 40 жаштагы айдоочусу жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен
3 / 3
Honda Stepwgn автоунаасынын айдоочусу жүргүнчү ташып иштегени, кырсык болор күнү кеч киргенине карабай болжол менен саат 22:00дө киши салып Бишкек шаарына чыгып кеткени айтылды.
Эске салсак, 15-октябрь күнү саат 22:54төр чамасында Таластын Кара-Ой айылында Honda Stepwgn менен DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа кагышып, сегиз адам көз жумган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Honda Stepwgn автоунаасынын 40 жаштагы айдоочусу жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен.
"Жыйынтыгында оор жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан. DAF үлгүсүндөгү автоунааны 31 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан. Кырсыктан жеңил автоунаанын айдоочусу жана 60 жаштагы Т.З., 12 жаштагы Ч.А., 26 жаштагы К.Э., 24 жаштагы Н.М., 28 жаштагы Р.А., 58 жаштагы Т.З жана 51 жаштагы Ш.З. аттуу жүргүнчүлөр каза тапкан", — деп жазылат маалыматта.
Honda Stepwgn автоунаасынын айдоочусу жүргүнчү ташып иштегени, кырсык болор күнү кеч киргенине карабай болжол менен саат 22:00дө киши салып Бишкек шаарына чыгып кеткени айтылды.
Кырсык болгон жерге ИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Тергөө иштери башталды.