"Ири жыйырмалыктын" Афганистанга арналган саммитинде батыш лидерлери өлкө кыйроо, ачарчылык, башаламандыктын босогосунда турганын айтып жатышты. Бечара афгандыктарга гуманитардык жардам көрсөтүп, "мамлекеттик коллапска" жол бербөө керектигин, болбосо чектеш мамлекеттерге миграциялык агым күчөп, мунун кесепети оор болору тууралуу сөздөр айтылды. Кырдаал кандай нукка багыт алганын Петр Акопов талдап, макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Жардам берсин, бериши керек, анын үстүнө Афганистанды 20 жыл мурун дал ушул Батыш басып алган, аскерин чыгарып кеткенден кийинки кырдаал ушулардын жоопкерчилигинде.
Мына ушул жерден театр башталды: Италиянын тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо "талибдерге акча карматпай туруп өлкөнү каржылоонун механизмин табууга" чакырды. Келгиле, бийлигин көзгө илбей элине жардам берели таризде. Муну акыл-эсти жана афгандыктарды шылдыңдоо катары гана кабыл алуудан башка айла жок.
Батыш жардамды БУУ структуралары аркылуу берүүнө сунуштап, Афганистандагы иштин баарын БУУ координацияласа деп турат. Бирок өлкө бийлигин тааныбаса бир дагы эл аралык уюм аймакта иштей албайт, башкача айтканда, кандай болгон күндө да реалдуулукту кабыл алып, талибдердин өкмөтүн тааныш керек.
Афганистан чет элдик көмөксүз жашап кете алабы? АКШ түзгөн өкмөт америкалыктардын айдагы менен болуп тим калбастан, ошолордун акчасы менен жан багып келди (баңгизат тарифигинен негизги кирешени ким алып келгенин айтпай эле коелу), мамлекеттик чыгымдын төрттөн үч бөлүгү чет элдик жардамдын эсебинен каржыланып келген. Ганинин өкмөтү кулатылып, америкалыктар менен иштешкен жүз миң афгандык өлкөдөн качып кеткенден кийин ансыз да араң жан турган банк системасы кыйрап түштү. Өз алдынчалуу мамлекеттик институттар менен бирге эле азыр экономиканы да кайра куруу зарыл, буга сөзсүз жардам керек. Биримдиктүү, күчтүү, көз карандысыз Афганистанга кызыкдар тараптардын жардамы зарыл.
Ал эми Батыш эмне кылып жатат? Кошмо Штаттар Афганистанга тиешелүү 9,5 миллиард долларды тоңдуруп салып, эми Евробиримдиктин миллиард, АКШнын 300 миллион доллар өлчөмүндөгү гуманитардык жардамын берүү үчүн Кабулга шарт коюуда. Өз эркин афгандыктарга таңуулап көнгөн Батыш 20 жылдык оккупацияда жеңилген соң да жаңы улуттук бийликке талап коюудан баш тарта албай келет. Башкача айтканда, афгандыктардын кыжырын кайнаткан, талибдерди бийликке кайтарган нерсени кайталап жатат.
"Эл аралык коомчулук афган элине далысын салып, кайдыгер боло албайт", — деди Түркия президенти Эрдоган. Эгер качкындардын агымынан кооптонбосо, Батыш кайдыгер болуп эле коймок. Андыктан Афганистанды унутта калтырып же таптакыр изоляциялап салууга болбойт, кандайдыр бир реакция жасоого мажбур.
Эң ынанымдуусу — жаңы өкмөттү таанып, санкцияларды жоюп, акчаны "бошотуп", көмөк көрсөтүп, чет элдик (биринчи кезекте исламдык) инвестицияларга тоскоол болбой ар кыл эл аралык долбоорлорго кошулууга жардам көрсөтүү. Жок, тилекке каршы, мындай болгон жок. Анын ордуна талибдерден ИМ* сыяктуу уюмдарга каршы күрөшүүдөн (ансыз деле күрөшүп жатышат) тышкары, адамдын ар кыл укугун сактоо (аялдардын укугу, өлкөдөн чыгуу укугу ж.б.) жана тышкы күчтөрдү канааттандырган өкмөт түзүүнү (курамына улуттук азчылыкты камтыган) талап кылып, опузалап жатат.
Талибдер ИМ менен күрөшүүдөн да, аялдардын укугун таануудан (шариятка каршы келбегенин) да, болочок өкмөткө өзбектерди, тажиктерди, хазарийлерди кошуудан да баш тарткан жок, бирок муну алар бирөөнүн айдагы, таасири менен эмес, өздөрү жасагысы келип жатат. Талиб өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткарып жаткан Амир Хан Муттаки билдиргендей, "Афганистан Ислам Эмирлиги ушул кезге чейин ИМ көйгөйүн ийгиликтүү чечип келген", бирок талибдерге жасалган эл аралык кысым ИМ террорчуларын шыкактап жатат, демек, "дүйнө басым жасоонун ордуна биз менен кызматташуусу керек".
Чынында ушу тапта чет жактын өкүмзорлугу таптакыр тескери жыйынтыкка алып келиши мүмкүн.
Талибдер алардын мыйзамдуу бийлик катары кабыл алынбай жатканын, биринчи ирет бийликке келген 1996-2001-жылдардагыдай эле көз жаздымда калтырып, дүйнөлүк аренага чыгарбай жатканын көрөт. Анан өзү менен өзү болуп, дүйнөлүк коомчулукка чыга албай турганына көзү жетет да, "бул каапырлардан башка эмнени күтүп болмок эле" деп тышкы дүйнөгө артын салат.
Дагы жакшы, аалам Батыш менен бүтүп калбайт, Афганистан бүгүн таптакыр башка күчтөрдүн жоопкерчилигинде. "Ири жыйырмалыктын" ушул өлкөгө арналган саммитине Россия менен Кытай лидерлеринин катышпаганы да да жөн жерден эмес, алардын буга көз карашы да, мамилеси да таптакыр башка.
Мында кеп Москва менен Пекиндин Батышка улам-улам Афганистанга "карыз" экенин, өлкөнү калыбына келтирүүгө милдеттүү экенин эскертип жатканында деле эмес. Атлантисттерге Афганистандын мышык ыйлаарлык абалы үчүн жоопкер экенин эстетип туруу бул саясий-пропагандалык позиция экени түшүнүктүү. Чынында орустар да, кытайлар да Батыш аталган өлкөгө инвестиция салып жиберет деп ишенбейт. Афганистанды калыбына келтирүү үчүн Азиянын өзүндө деле акча жетиштүү, бул биринчи кезекте Аравия менен Кытайдын каражаты. Бирок бул акча келиши үчүн, Афганистанды дааналап дүйнөлүк экономикага кошуу үчүн (азырынча баңгизат бизнесинде гана бар) талибдердин өкмөтүн таанып, өлкөнү калыбына келтирүүгө кызыкдар мамлекеттерди ишке тартуу керек.
Мындан улам кийинки жумада Афганистан боюнча Москва форматындагы жолугушуу өтөт. Сергей Лавров бул сүйлөшүүнү өлкөнү калыбына келтирүү боюнча эл аралык конференцияга жасалган кадам деп баалоодо. Иш-чаранын зарылдыгын баары белгилеп жатышат, бирок саммитти афган өкмөтү жок өткөрүү эч пайдасыз. Андыктан талибдерден өкүлдөр чакырылып, эң негизгиси, жолугушууга туура тараптар келмей болду. "Москва форматы" өзүнө Россиядан тышкары Афганистандын бардык коңшуларын: Борбор Азия мамлекеттерин, Иран, Пакистан, Кытай жана Индияны камтыйт. АКШнын да келиши күтүлүүдө, бирок жогорудагы курамда чоочун койдой эле болуп калчудай.
Анткени Америкадан башкасынын баары ШКУга — Азия коопсуздугу боюнча азиялык уюмга мүчө. Кабул бийлиги жакын коңшулары, Афганистандын тынчып жай турмушка келүүсүн чындап каалаган өлкө өкүлдөрү менен баарлашат. Алар жаңы согуш чыгарып жиберели деп куйтуланбайт, теңине албай керсейбейт. Реалдуулук кандай болсо, ошондой кабыл алат. Ушунусу менен артык.
* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм