Алты райондо үч күн бою электр кубаты өчөт. "Ош электрдин" тизмеси

Электр энергиясына Кара-Суу, Араван, Өзгөн, Ноокат, Кара-Кулжа, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош, Кызыл-Кыя шаарларында утурумдук чектөө болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстандын бир нече аймагында бүгүндөн тарта 18-октябрга чейин электр кубаты өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ош электр" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Пландаштырылган оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу саат 9:00дөн 18:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт", — деп айтылган маалыматта.
Электр кубаты төмөнкү шаар, райондордо убактылуу өчүрүлөт:

16-октябрь:

17-октябрь:

18-октябрь:

"Ош электр" ишканасы убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн электр кубатын колдонуучулардан кечирим сураган.