Кыргызстан Түркиядан тик учак жана катер сурады

Түрк тарап Кыргызстанга жардам берүүгө, анын ичинде техникалык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Түркияга барып ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолукту. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Түркияга барып ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолукту
2 / 3
Билдирмеге караганда, Кыргызстандан барган делегация өзгөчө кырдаал жана коопсуздук боюнча GAMER координациялык борборун, киберкоопсуздук бөлүмүн жана гендердик зомбулукка көз салып турган бөлүмдү көрүп чыккан
3 / 3
Эки тараптын жолугушуусу жемиштүү болгону кошумчаланды.
Билдирмеге караганда, Кыргызстандан барган делегация өзгөчө кырдаал жана коопсуздук боюнча GAMER координациялык борборун, киберкоопсуздук бөлүмүн жана гендердик зомбулукка көз салып турган бөлүмдү көрүп чыккан.
"Жолугушууда кыргыз тарап ӨКМдин суучулдар кызматын катер менен камсыздоо маселесин карап берүүнү өтүнүп, тик учак да сураган. Түрк тарап Кыргызстанга жардам берүүгө, анын ичинде техникалык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтып, кадрларды даярдоого көмөк көрсөтө аларын белгилеген", — деп жазылат маалыматта.
Эки тараптын жолугушуусу жемиштүү болгону кошумчаланды.