Кыргызстандан барган тасма Алматыда "Мыкты фильм" аталды. Видео

Алматыдагы эл аралык фестивалда бишкектик чыгармачыл топ тарткан тасма "Мыкты фильм" номинациясында жеңишке жетти. Бир минуталык чакан тасмада экология темасы көрсөтүлгөн.
Sputnik
Кыргызстандыктар тарткан чакан фильм мыкты деп табылганын фетивалдын PR-менеджери Олеся Колесниченко кабарлады.
Кыргызстандык жигит Россиядагы "Голос" долбооруна өттү. Видео
Кыска метраждуу (12 мүнөткө чейин) "Мыкты фильм" номинациясын бишкектик чыгармачыл топ тарткан Present for Future тасмасы утту.
Анда кичинкей кыздын жашыл токойду аралап, чымчыктын үнүнөн рахат алып жүргөнүн көрүүгө болот. Бирок чындыгында ал виртуалдык реалдуулукта жүргөнү, өзү көз айнек тагынып караңгы бөлмөдө турганы көрсөтүлөт.
"Жаратылышка аяр мамиле кылбасак, дал ушундай келечекке туш болобуз", — дейт тасманын режиссеру.
Киноиндустриянын өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу фильмге мыкты деген баа берген.