Чек арачылар үч күн бою Баткенде мыйзамсыз жүк ташыгандарды кармады

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалгандар менен жүктөр Кыргызстандын компетенттүү органдарына өткөрүп берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. УКМКга караштуу Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгы чек арадан аткезчилик жолу менен жүк алып өтүү аракети болгон бир нече окуяны каттоого алды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан бидиришти.
1 / 3
УКМКга караштуу Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгы чек арадан аткезчилик жолу менен жүк алып өтүү аракети болгон бир нече окуяны каттоого алды
2 / 3
15-октябрь күнү Лейлек чек ара отрядынын кызматкерлери Mercedes Benz Sprinter автоунаасынын айдоочусун колго түшүрдү. 28 жаштагы кыргызстандык Тажикстанга 250 коробка шампунь алып өтүүгө аракет кылган.
3 / 3
Бүгүн, 16-октябрда, Лейлек районунда 31 жаштагы кыргызстандык кармалды. Ал Тажикстанга 3 тонна тоңдурулган балык алып бара жаткан.
Алар:
14-октябрь күнү Айдаркен чек ара отрядынын кызматкерлери Өзбекстандан мыйзамсыз жол менен 32 даана буржуйка-меш алып келе жаткан жаранды кармады;
Чек арадан "кыргыз" болуп өткөн өзбек жараны кармалды
15-октябрь күнү Лейлек чек ара отрядынын кызматкерлери Mercedes Benz Sprinter автоунаасынын айдоочусун колго түшүрдү. 28 жаштагы кыргызстандык Тажикстанга 250 коробка шампунь алып өтүүгө аракет кылган;
Бүгүн, 16-октябрда, Лейлек районунда 31 жаштагы кыргызстандык кармалды. Ал Тажикстанга 3 тонна тоңдурулган балык алып бара жаткан.
Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалгандар жана жүктөр компетенттүү органдарга өткөрүп берилди.