Геннадий Базаров сүйүүсүн тапкан. "Көздүн кареги" тасмасындагы ирмемдер

Быйыл ата мекендик кинематография 80 жылдыгын белгилөөдө. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз киночулары жараткан тасмалардагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Sputnik
Мындан 45 жыл мурун белгилүү режиссер Геннадий Базаров "Көздүн кареги" тасмасын тарткан. Анын сценарийин Ашым Жакыпбеков менен Леонид Дядюченко жазган эле. Кинокартина Москвада сүйүүсүн таап, ошол жактан орун-очок алган жигит менен анын апасынын ортосундагы мамиле, туулуп-өскөн жеринен алыс жүргөн Экриндин ички сезимдери баяндалат. Фильмде башкы ролду Бакен Кыдыкеева (Асылкан), Болот Бейшеналиев (Эркин) аткарган.
Ошол учурду аталган тасманы жаратуу ишине катышкан кинофотограф Александр Федоров мындайча эскерди:
"Тасмада жакындары, апасы менен көп байланышпай Москвада иштеген Эркиндин жашоосу, уулунун жашоо-турмушун, үй-бүлөсүн өз көзү менен көргүсү келген апанын окуясы көрсөтүлөт. Биз тартуу иштерине Москвага барганда аябай кубанганбыз. Актердук курам да күчтүү болчу. Кыдыкеева, Бейшеналиев өңдүү эки корифей кинофильмдин көркүн ачкан. Тасманын администратору болуп жаңы эле жогорку окуу жайды бүткөн Райва Тойгонбаева келген. Ошол убакта Геннадий экөөнүн мамилеси жакшы болуп кийин киночулардын үй-бүлөсү пайда болгон", — деди Федоров.
Көркөм фильм 1977-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Бакен Кыдыкеева Ригада өткөн Бүткүл союздук кинофестивалда сыйлыкка татыган.
Адамдардын ички ой толгоосун, кусалыгын чагылдырган эмгекке Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Медель Маниязов, Орозбек Кутманалиев, Жээнбек Мукамбетов, Медер Сыдыков, Бакы Өмүралиев, Мамлакат Кылычева, Алиман Жангорозова, Клара Юсупжанова да катышкан.
1 / 12
СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев
2 / 12
Болот Бейшеналиев Москвада жашап-иштеген Эркиндин образында
3 / 12
Болот Бейшеналиев башкы каарман Эркиндин, россиялык актриса Светлана Данильченко аялынын ролунда
4 / 12
Киночулар Москванын метросунда түнү менен иштеген. Себеби күндүз тартуу иштерине уруксат берилген эмес
5 / 12
Башкы каармандын көзү өтүп кеткен атасынын ролун Сүймөнкул Чокморов ойногон
6 / 12
Москвада Кызыл аянтта кызуу иштеген киночулар. Камеранын ары жагында көз айнекчен турган Базаров
7 / 12
"Көздүн кареги" кинокартинасындагы кадр артындагы учур: Кыдыкеева ролун кайрадан кайталап жаттап жатат
8 / 12
Тартуу маалында актрисага көз салган режиссер
9 / 12
Балмуздак жеген СССРдин эл артисти жана кичинекей актриса
10 / 12
Медель Маниязов, Советбек Жумадылов жана Орозбек Кутманалиев, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары, 1976-жыл
11 / 12
СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, режиссер Геннадий Базаров, актриса Светлана Данильченко
12 / 12
Өз мекенине келип жакындарына жолуккан Эркин