COVID статистикасы: 94 адамдан вирус табылып, үч бейтап көз жумду

Азыркы тапта өлкө боюнча стационарда 503, ал эми амбулатордук шартта 559 бейтаптын дарыланып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Өткөн суткада 94 адамдан коронавирус табылып, илдет үч адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ал эми ооруну жеңип, аман-эсен айыгып кеткендердин саны 77 адам болду.
Бир суткада вирус жуктургандар:
"Тилекке каршы, үч адам каза тапты. Алар коронавируска каршы вакцина албаган жарандар болгон", — деп айтылган маалыматта.
Муну менен аталган илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 2 632ге жетти. Дарт пайда болгондон тарта ооруп калгандардын жалпы саны 179 775ке чыкса, алардын ичинен 174 578 адам айыгып кеткен.
Азыркы тапта стационарда 503, ал эми амбулатордук шартта 559 бейтаптын дарыланып жатканы айтылды.
Өткөн бир сутка ичинде эмдөөдөн 12 018 адам өттү, анын ичинен 6 324 биринчи, 5 694 адам экинчи дозаны алган.