БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Россия элчилигинин алдындагы Аскер атташесинин аппараты кыргызстандык ардагер "афганчыларга" гуманитардык жардам берди.
Коргонуу маселелери боюнча атташе Игорь Довбня жылпы суммасы 240 миң сомдук протездөө үчүн эки сертификат тапшырылганын айтты.
"Биз үчүн афган согушуна катышкан ардагерлерди колдоп туруу өтө маанилүү. Бүгүн протездөө үчүн эки сертификат, майыптар үчүн төрт коляска бердик. "Афганчылардын" штабын ремонттоого кол кабыш кылып жатабыз. Мындан тышкары, афган согушуна катышып, бирок СССР учурунда ар кандай себептерден улам эмгеги бааланбай калган кыргызстандыктарга сыйлык тапшырдык. Долбоорго жардам бергендиги үчүн РФтин эл аралык гуманитардык кызматташуу боюнча федералдык агенттигине (Россотрудничество) ыраазчылык билдиребиз", — деди Довбня.
Сөзүнүн аягында ал жакында "афганчылардын" штабында ремонт иштери аяктап, анын базасында аскердик патриоттуулукка чакырган иш-чара болорун айтты.