Акылбек Жапаров: президенттик администрациянын түзүмү толугу менен өзгөрөт

Жапаров амбициялуу пландарды ишке ашыруу үчүн ишинин натыйжасы билинбеген системадан баш тартып, жогорку деңгээлдеги кесипкөй адистерден турган мобилдүү администрация түзүү мезгили келгенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Президенттин администрациясынын түзүмү жана иши толугу менен кайрадан каралып чыгат. Бул тууралуу жаңы жетекчи Акылбек Жапаров администрация кызматкерлери менен өткөргөн кеңешмеде айтты.
1 / 3
Президенттин администрациясынын түзүмү жана иши толугу менен кайрадан каралып чыгат. Бул тууралуу жаңы жетекчи Акылбек Жапаров администрация кызматкерлери менен өткөргөн кеңешмеде айтты.
2 / 3
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, Жапаров өзүнүн мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин басып өткөнүн эске салып, администрациянын ишин жакшы түшүнөрүн айтты
3 / 3
Ал алдыда масштабдуу социалдык, экономикалык, технологиялык милдеттерди чечүү зарыл экенин айтып, мамлекеттик башкарууга жаңыча мамиле кылууну талап кылды.
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, Жапаров өзүнүн мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин басып өткөнүн эске салып, администрациянын ишин жакшы түшүнөрүн айтты.
"Иш процессин уюштурууну ыкчам жана натыйжалуу чечимдер кабыл алынышы үчүн толугу менен карап чыгуу зарыл. Бир дагы документ президенттин администрациясына "кептелип" калбашы керек. Ар бир кызматкер кесипкөй болуп, мамлекеттин келечеги үчүн командада ыкчам, ырааттуу жана толук кандуу иш алып барууга тийиш", — деди Жапаров.
Ал алдыда масштабдуу социалдык, экономикалык, технологиялык милдеттерди чечүү зарыл экенин айтып, мамлекеттик башкарууга жаңыча мамиле кылууну талап кылды.
Жапаров амбициялуу пландарды ишке ашыруу үчүн ишинин натыйжасы билинбеген тутумдан баш тартып, жогорку деңгээлдеги кесипкөй адистерден турган мобилдүү администрация түзүү мезгили келгенин айтты.